АКШдагы парадда Кыргыз желегин көтөрүп чыккан казак жигити кайрылуу жасады (видео)
АКШнын Нью-Йорк шаарында жыл сайын өтүүчү “Turkish Day Parade” иш-чарасында Кыргызстандын туусун көтөрүп чыккан казакстандык жигит Жасулан коомчулукка кайрылуу жасады.
Ал өз сөзүндө кыргызстандыктардан келген жылуу пикирлер үчүн ыраазычылык билдирип, “казак-кыргыз бир тууган эл” экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал бул аракетти саясатташтыруунун кереги жок экенин айтып, бул жөн гана элдер ортосундагы достукту жана бир туугандыкты көрсөтүү максатын көздөгөнүн билдирди.
Анын айтымында, мындай символикалык аракеттер эч бир элдин кадыр-баркын кемсинтпей, тескерисинче, Казакстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталат.
АКШда парадда кыргыз желегин көтөрүп чыккан казак жигити кайрылуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















