23-майда Түштүк магистралдын бир тарабы убактылуу жабылат
23-майда Бишкек шаарында One Run эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарым марафондун маршруту шаардын түштүк бөлүгү (Түштүк магистраль) аркылуу өтөт. Бул күнү саат 6:30дан 13:00гө чейин Барпы Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки тилкеде унаа кыймылы убактылуу токтотулат.
Белгиленгендей, жарышка 1200дөн ашык адам катышат. Алар 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















