super.kg logo

Жыл башынан бери 3,2 миллион сомдон ашык эмгек акы өндүрүлдү

 
Жыл башынан бери кызматкерлердин 3,2 миллион сомдон ашык эмгек акылары өндүрүлдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, эмгек инспекторлору тарабынан 289 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 500 мыйзам бузуу аныкталган. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча 105 эскертме жазуу берилген. Ошондой эле кызматкерлерге кармалып калган 3 миллион 245 миң сомдон ашык эмгек акы төлөтүлгөн.
Өндүрүштөгү 33 кырсык иликтенип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 1 миллион 899 миң сом айып пул салынган. Кызматка жарандардан 646 кайрылуу келип түшүп, алардын ар бири боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: