Эмгек министрлиги шылуундар жасалма кайрылуу жасап жатканын эскертти
Эмгек министрлиги шылуундар WhatsApp мессенжери аркылуу жасалма кайрылууларды жасап жаткандыгын эскертти.Маалыматка ылайык, алар министрдин орун басарларынын, министрликтин кызматкерлеринин, Адам ресурстарын өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин атынан жарандарга жасалма кайрылууларды жасап жатышат.
"Алдамчылар ар кандай телефон номерлерин колдонуп, ишенимге кирип, өздөрүн мекеменин кызматкерлери катары тааныштырып, кызматтык тапшырма сыяктуу көрсөтмөлөрдү беришип, андан соң ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын которууну суранышууда. Жарандарды сак болууга жана алдамчылардын тузагына түшпөөгө чакырабыз",- дешти мекемеден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















