Өзбекстандык модель үч жыл бою Эпштейндин зомбулугуна кабылып келгенин ачыктады
Өзбекстандык Роза аттуу модель чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн тарабынан үч жыл бою сексуалдык зомбулукка кабылганын ачыктады. Бул тууралуу Роза АКШнын Өкүлдөр палатасынын көзөмөл комитетинде сөз сүйлөп жатып айткан.
Анын айтымына караганда, ал 2009-жылы 18 жашында Нью-Йорктогу модель агенттигине барган. Кийинчерээк Роза Эпштейндин өнөктөшү жана моделдик агенти Жан-Люк Брунел менен таанышкан. Брунел 18 жаштагы кызга карьера жасоосуна көмөк көрсөтөрүн убада кылып, Эпштейн менен тааныштырган. Андан соң аны коркутууга алышкан.
"Мага Эпштейн жашы жете элек кыздарды зордуктаганы үчүн үй камагында отурган учурда зомбулук көрсөткөн. Мени зордуктаган учурда ал Флоридадагы үйүндө үй камагында болчу. Ошол жерден биринчи жолу тийишип, кийин үч жыл бою сексуалдык зомбулук көрсөтүп жүрдү. Менде виза алуу үчүн керектүү документтер жок эле, финансылык жактан да жетишсиз болгонум үчүн мени коркутууга алышты",- деген Роза.
Мындан тышкары, өзбекстандык модель АКШнын Юстиция министрлигин сынга алып, Эпштейндин ишине байланыштуу жарыяланган документтерде анын аты жашырылбаганын билдирди. Аталган документтерде жабырлануучунун аты 500дөн ашык жолу кайталанган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















