super.kg logo
  Саясат  

Мелис Турганбаев Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгына көчөлөрдөгү баш аламан токтотулган унаалар боюнча тапшырма берди

 
Бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев Бишкек ШИИБинин Жол кыймылы коопсуздук башкармалыгынын өздүк курамы менен жыйын өткөрдү. Жыйында Мелис Турганбаев жол коопсуздук кыймылы – шаардык милициянын жүзү экенин, алардын тышкы келбети, кесипкөйлүгү, жарандарга жасаган мамилесинен улам коомдун сынында турганын айтты. Ошондой эле "ар бир кызматтык эрежени жана мыйзамды бузуу, пара алуу фактылары боюнча жаза катуу болот. Алар кызматтан айдалып гана тим болбостон, кылмыш жоопкерчилигине тартылат",- деди Турганбаев. Жыйын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы мыйзамсыз унаа токтотуулардын саны өскөнү айтылды. Ресторандардын, дүкөндөрдүн, банктардын жана мейманканалардын алдында эрежени бузуп унаасын токтоткон айдоочулардын саны жогорулаган. Бул көйгөйдү жоюу Жол кыймылы коопсуздук башкармалыгына жүктөлдү. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: