Ирандын ТИМ башчысы АКШны милдеттенмелерин аткарбады деп айыптады
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШ өз милдеттенмелерин аткарбаганын белгиледи. Бул тууралуу министр Press TV телеканалына билдиргенин эл аралык басылмалар жазышты.
Дипломат АКШнын 2015-жылдагы өзөктүк келишимден бир тараптуу чыгып кетишин жана Иранга каршы акыркы негизсиз агрессия учурунда Израилге кошулганын айткан.
Аракчинин айтымында, Иран дипломатияга дагы эле олуттуу мамиле кылат жана өлкөнүн коопсуздугу менен улуттук кызыкчылыктарын коргоого даярдыгын бекемдөө үчүн бардык аракетин жумшайт.
Буга чейин Дональд Трамп АКШ менен Иран алгылыктуу келишимге келе албай калган учурда Тегеранга каршы кеңири масштабдагы чабуулга даярданууну америкалык аскерлерге тапшырган. Көп өтпөй ал Иранга сокку уруу планы бир нече күнгө токтотулганын айткан.
Мындан тышкары, Трамп Тегерандан өзөктүк куралды иштеп чыгуудан баш тартканын жазуу түрүндө билдирүүнү талап кылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















