super.kg logo

BAKAI алысты жакындатат: Кыргызстанда биринчи жолу Кытайга жана АКШга түз эле тиркеме аркылуу акча которуу

 

BAKAI Visa Direct for Account эл аралык акча которуу сервисин ишке киргизди. Бул сервис Кыргызстанда биринчи жолу жеке жактар үчүн түз эле мобилдик тиркемеде жеткиликтүү болуп калды. Эми банктын кардарлары Кытайга, АКШга, БАЭге, Европа жана Азия өлкөлөрүнө башка адамдарга акчаны тез жана ашыкча түйшүксүз жөнөтө алышат. Которуулар алуучу өлкөнүн жергиликтүү валютасында жүргүзүлөт, бул которууларды дагы ыңгайлуу кылат.

Жаңы сервис популярдуу эл аралык багыттардын кеңири тизмесине акча которууга мүмкүнчүлүк берет. Алардын катарына:

Кытай жана Гонконг, АКШ, БАЭ, Түркия, Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия, Индия, Швейцария, Улуу Британия, Канада, Пакистан, Таиланд, Вьетнам, Индонезия, Япония, ошондой эле SEPA өлкөлөрү кирет.

Өзгөчө көңүл эң көп суроо-талап болгон багыттардын бири - Кытайга бурулган.

BAKAI кардарлары эми каражаттарды:

Alipay аркылуу - ар кандай төлөмдөр жана которуулар үчүн

WeChat аркылуу - жеке жактар ортосундагы которуулар үчүн жөнөтө алышат.

Буга чейин бул багыттардын айрымдарына акча которуу чектелген же татаал жол-жоболорду талап кылчу. Эми BAKAI бул кызматты түз эле тиркемеде бир нече кадам менен жеткиликтүү кылды.

Сервис эсептен эсепке которуу модели менен иштейт. Бул акча которуулардын багыттарын кеңейтип, карта инфраструктурасына болгон көз карандылыкты азайтууга мүмкүнчүлүк берет.

«Биз Кыргызстанда биринчи болуп кардарларга акчаны дүйнө жүзүнө түз эле тиркеме аркылуу - жөнөкөй, тез жана жергиликтүү валютада жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн бердик. Бул эл аралык которуулардагы ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли», - деп белгилешти BAKAIда.

Visa Direct for Account сервисинин ишке кириши - BAKAIдын заманбап каржылык экосистеманы өнүктүрүү стратегиясынын бир бөлүгү. Жакынкы убакта банк сервистин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантып, жаңы багыттарды жана бизнес үчүн чечимдерди кошот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: