Францияда Эпштейндин иши боюнча жаңы жабырлануучулар аныкталды
Францияда америкалык маркум финансист Жеффри Эпштейн түзгөн кылмыштуу тармак боюнча иликтөөнүн алкагында 10го жакын жаңы жабырлануучу аныкталды. Бул тууралуу Париж прокуратурасы билдиргенин Euronews басылмасына шилтеме берүү менен Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, Францияда адам сатуу фактысы боюнча кылмыш иши АКШнын Юстиция министрлиги ушул жылдын январь айында “Эпштейндин ишине” байланыштуу акыркы документтерди жарыялагандан кийин козголгон.
Париждин башкы прокурору Лора Бекко февраль айында жабырлануучуларды укук коргоо органдарына кайрылууга чакыргандан кийин прокуратурага болжол менен 20дай адам кайрылганын айтты. Алардын айрымдары тергөөчүлөргө мурда эле белгилүү болгон.
Анын айтымында, учурда тергөөчүлөргө мурда белгисиз болгон дагы 10го жакын жаңы жабырлануучу табылган. Айрымдары чет өлкөдө жашагандыктан, алар менен жолугушуулар Парижге келе алган убакыттарына жараша уюштурулуп жатат.
Мындан тышкары, француз тергөөчүлөрү Жеффри Эпштейнге тиешелүү файлдарды кайрадан карап чыгып, анда аты аталган болушу мүмкүн болгон жабырлануучуларды аныктап жатышат. Ошондой эле анын компьютерлери, телефондук сүйлөшүүлөрү жана жазуу дептерлери кайра текшерүүгө алынганы маалым болду.
Белгилей кетсек, француз укук коргоо органдары 2019-жылы Эпштейндин Париждеги кымбат батиринде тинтүү жүргүзүшкөн. Ошол эле жылы ал Нью-Йорктогу түрмө камерасында каза болгон абалда табылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















