Кытайда нөшөрлөгөн жамгыр 10 адамдын өмүрүн алды
Кытайдын борбордук жана түштүк аймактарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон селден кеминде 12 адам каза болду.
Кытайдын Метеорология агенттиги сел Цзянси, Аньхой, Хунань, Хубэй, Гуанси, Гуандун жана Хайнань провинцияларында болгонун билдирди.
Reuters кабарлагандай, аймакта мектептер, кеңселер жабылып, коомдук транспорт иши жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Учурда эвакуациялоо иштери жүрүп жатат.
Гуанси провинциясында жүк ташуучу унаа дарыяга кулап кетип, кеминде сегиз адам каза болгону кабарланууда. Хубэй провинциясында үйлөрдү суу каптап, дагы үч адам каза болду. Айрым аймактардын жашоочулары суу каптаган көчөлөрдүн сүрөттөрүн жана видеолорун жарыялоодо.
Кытайлык метеорологдор аба ырайынын кескин бузулушун Бенгал булуңунан, Түштүк Кытай деңизинен жана Тынч океандан бир убакта келген нымдуу аба агымдарынын күчтүү кошулуусу менен түшүндүрүштү. Натыйжада жаан-чачын болжол менен миң чакырымга созулган аймакка жаады. Метеорологдор көптөгөн жерлерде жаан-чачындын деңгээли рекорддук көрсөткүчкө жеткенин белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















