Сузакта уруксатсыз иштеген 20 медресе аныкталды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уруксат берүүчү документтери жок иштеп келген 20 медресе аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, диний окуу жайлар узак убакыттан бери тиешелүү каттоодон өтпөстөн жана уруксат кагаздарын албай билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында алардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулганы белгиленди.
Учурда бул факт боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда. Ошондой эле тиешеси бар адамдарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу маселеси каралып жатканы маалымдалды.
Атайын кызмат мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү аныктоо жана алдын алуу иштери мындан ары да улантыларын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















