Ошто жаңы 3 тараптуу айланма жол курулуп жатат
Ош шаарында жол тыгындарын азайтуу жана транспорт кыймылын жакшыртуу максатында Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап 3 тараптуу айланма жол курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, А.Навои көчөсү тарабынан 6 тилкелүү жол салынса, Г.Айтиев көчөсү да Б.Осмонов көчөсү тарапка чейин кеңейтилип, 6 тилкелүү форматка өткөрүлөт.
Мындан тышкары Кочконов көчөсү аркылуу жаңы базарга түз кирүүчү альтернативалык жол ачылып, Кочконов менен Шамшат көчөлөрүн бириктирген жаңы көчө курулуп жатат.
Жыйынтыгында диаметри 25 метр болгон үч тараптуу айланма жол пайда болуп, шаардагы унаа агымын жөнгө салууга жана тыгындарды азайтууга жардам берет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















