super.kg logo

Курулуш министринин биринчи орун басары алмашты 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Болот Чолпонбаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган минимтрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган жетекчини министр Нурдан Орунтаев эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Министр курулуш тармагындагы реформаларды ишке ашыруу, инфраструктуралык долбоорлорду өз мөөнөтүндө аяктоо жана тармактын ишин жакшыртуу багытында биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Болот Чолпонбаев буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Ал курулуш тармагындагы эмгек жолун 2013-жылы инженер адиси катары баштаган.

Ошондой эле министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Жантелиев өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: