Каракол - Эңилчек унаа жолунда катуу сел жүрдү (видео)
Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунда нөшөрлүү жаандан улам сел жүрдү.
Интернет желесине видео тарап, күбөлөр жолдун бир бөлүгүн сел алып кеткендигин билдиришүүдө.
Ал эми ӨКМдин облустагы башкармалыгы аталган жолдун 5-чакырымындагы Маман айылын суу каптап, жолдун жээгин жеп кеткендигин билдирди.
"Учурда абал туруктуу. Унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Жерине кытай ишканасынын 2 экскаватору, ӨКМдин Ак-Суу райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, иш алып барууда",- деп белгиленген маалыматта.
Каракол - Эңилчек унаа жолунда катуу сел жүрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















