super.kg logo

BAKAI менен бирге UFC мелдешине сапар утуп алыңыз

 

BAKAI - Борбор Азиядагы UFC Eurasia уюмунун эксклюзивдүү өнөктөшү - Visa UFC карталарынын ээлери үчүн жаңы масштабдуу акциясын баштайт. Финалдык этаптын башкы байгеси - UFC беттешине эки кишилик сапар. Байгеге авиакаттам, мейманканада жайгашуу жана UFC Fight мелдешине билеттер кирет.

Бир нече ай аралыгында катышуучулар Visa UFC картасын жана BAKAI экосистемасынын сервистерин колдонуп, атайын «сокку» упайларын чогултушат. Топтолгон упайлар аларга баалуу байгелерди утуп, BAKAI UFC чемпиону болууга мүмкүнчүлүк берет.

Башкы байгеден тышкары катышуучуларды төмөнкү белектер күтөт:

  • Garmin Fenix жана Garmin Instinct акылдуу сааттары
  • Whoop фитнес-билериги
  • фитнес-клубдарга абонементтер
  • спорттук дүкөндөргө сертификаттар
  • BAKAI UFC бренддик продукциясы

Акция эки этап менен өтөт:

  • 1-раунд - 2026-жылдын 18-майынан 31-июлуна чейин
  • Финал - 2026-жылдын 18-майынан 31-октябрына чейин

Канчалык көп активдүүлүк болсо - BAKAI UFC чемпиону болуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Упайлар төмөнкү аракеттер үчүн берилет:

  • Visa UFC картасы менен POS-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү
  • онлайн-сатып алуулар
  • BAKAI Travel аркылуу сатып алуулар
  • BAKAI Store аркылуу буйрутмалар
  • коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр
  • Tiki Tiki сервиси аркылуу билет сатып алуу
  • картаны ай ичинде активдүү колдонуу

BAKAI үчүн мындай долбоорлор өзүнүн спорттук экосистемасынын бир бөлүгүнө айланган. Буга чейин банк Катарда өткөн UFC Fight Night Doha 2025 турниринин беттешине жолдомо ойнотуп, ири акция өткөргөн. Анда банктын ар түрдүү категориядагы төрт кардары жеңүүчү деп табылган - BAKAI тиркемесинин активдүү колдонуучулары, BAKAI Business бизнес-кардарлары, BAKAI Камсыздандыруу кардарлары жана Instagram сынагынын катышуучулары.

Жеңүүчүлөр эки кишилик толук турпакетке ээ болушкан. Ошондой эле турнирге жеңүүчүлөр менен бирге BAKAIдын амбассадорлору Айана Советова менен Темирлан Оморов да барышкан.

BAKAI белгилегендей, жаңы акция финансыны, технологияларды, спортту жана заманбап санариптик сервистерди бириктирген lifestyle-экосистеманы өнүктүрүү боюнча банктын стратегиясынын уландысы болду.

*Акция 2026-жылдын 18-майында башталып, 2026-жылдын 31-октябрына чейин уланат. Катышуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт - бул үчүн Visa UFC картасынын ээси болуп, BAKAI мобилдик тиркемесин колдонуп жана акциянын шарттарын аткаруу жетиштүү. Толук маалымат - bakai.kg сайтында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: