Кыргызстандагы эң таланттуу 40 бала «Ты супер! Кыргызстан» долбооруна катышат
Кыргызстанда «Ты супер! Кыргызстан» аттуу балдар вокалдык долбооруна кастингдер жыйынтыкталды.
18–19-май күндөрү өткөн акыркы кастингдер Бишкек шаары жана Чүй облусунан келген катышуучуларды Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору «Сейтекке» чогултту. Эки күндүн ичинде долбоордун командасы дээрлик 200 катышуучуну укту. Кесипкөй калыстар тобу үн мүмкүнчүлүгү жана аткаруу техникасы менен катар артисттик чеберчиликти, сахнадагы өзүн алып жүрүүсүн, репертуар тандоосун жана көрүүчүнүн жүрөгүнө жете билүүсүн да баалады. Алардын айтымында, катышуучулардын арасында бүт өлкөнү таң калтыра турган күчтүү үндөр жана жаркын таланттар бар.
Көптөгөн балдар үчүн бул жашоосундагы алгачкы чоң сахнага чыгуу болду. Дал ушул жерде айрымдары өз үнү чындап угулушу мүмкүн экенине биринчи жолу ишеништи.
Кастингдерде сүйүү, үй-бүлө, Кыргызстан жана кыялдар тууралуу ырлар жаңырды. Катышуучуларды колдоо үчүн белгилүү артисттер жана телеалпаруучулар — Чолпон Талипбек, Эркин Рыскулбеков, Айдана Дека жана Нур Чолпон келишти. Балдар үчүн ошондой эле цирк артисттери жана «Евразия» паркындагы маскоттор өнөр көрсөтүп, кастингди чыныгы майрамга айлантышты.
Бир ай ичинде долбоордун командасы өлкө боюнча миңдеген чакырымдарды басып өтүп, Кыргызстандын 7 шаарында — Каракол, Нарын, Талас, Баткен, Манас, Ош жана Бишкек — жалпысынан 9 кастинг өткөрдү. Уюштуруучулар 1500дөн ашык арыз кабыл алып, өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700дөн ашуун баланы угушту.
Кастингдин катышуучулары орус эстрадасынын жылдыздары менен да жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Балдар үчүн мастер-класстарды орус сахнасынын эң белгилүү артисттеринин бири Николай Басков жана легендарлуу "Блестящие" тобу өткөрдү. Ал эми Баткенден келген катышуучулардын бири үчүн уюштуруучулар анын кичинекей кыялын орундатып, сүйүктүү ырчысы Амирчик менен жеке жолугушуу уюштурушту.
«Ты супер! Кыргызстан» — бул үнү угулушу маанилүү болгон балдар үчүн вокалдык сынак. Долбоорго жашоодогу кыйынчылыктарга карабай кыялын көздөй умтулган 7 жаштан 18 жашка чейинки балдар катышат.
Шоунун 40 катышуучусу Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулуп, атайын чыгармачыл лагерге жөнөшөт. Ал жерде алар эки ай бою чоң телевизиондук шоуга даярданышат. Балдар менен Кыргызстандын жана Россиянын мыкты вокалдык педагогдору, хореографтары жана насаатчылары иштешет. Катышуучуларды алдыда олуттуу даярдык, жаңы достуктар, жаркын эмоциялар, чоң сахна жана бүт өлкөгө өзүн таанытуу мүмкүнчүлүгү күтүп турат.
Сынактын катышуучуларын кыргыз жана орус эстрадасынын белгилүү жана кадыр-барктуу өкүлдөрү — миллиондогон көрүүчүлөр тааныган артисттер, музыканттар жана кесипкөйлөр баалашат. Бирок долбоор үчүн күчтүү үн гана эмес, балдардын чыныгы эмоциялары жана чыныгы окуялары да маанилүү.
Бул болсо башталышы гана.
Көрүүчүлөрдү алдыда лагердеги катышуучулардын жашоосу, алгачкы репетициялар жана концерттер, күтүүсүз учурлар, популярдуу жылдыздар жана ушул күздө боло турган чоң телевизиондук премьера күтөт.
«Ты супер! Кыргызстан» долбоорун «Номад ТВ» телеканалынын эфиринен жана социалдык тармактардан көрүңүздөр.
Ты супер!
0

Супер-Инфо
super.kg видео















