Москвада кыргызстандык аялдын сөөгү дивандын ичинен табылганы айтылууда
Тышкы иштер министрлиги Москвада кыргызстандык аял мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат такталып жатканын билдирди.
Мекеме бул боюнча элчилик иш алып барып жатканын, Орусиянын укук коргоо органдарына тишелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөнүн белгиледи. Окуя өзгөчө көзөмөлгө алынганы кошумчаланды.
ТИМдин билдирүүсүнүн алдында орусиялык басылмалар Москавда кыргызсандык аялдын сөөгү табылганын жазып чыгышкан. Маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгү батирдеги дивандын ичинен полиэтиленге оролгон абалда табылган. Ошондой эле бөлмөдөн канга боёлгон бычактар аныкталган. Маркум менен чогуу 2 кыргызстандык жашап келгени айтылууда. Алардын бири Орусиядан чыгып кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















