Баткенде скутерчен адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды (видео)
Кадамжай районунда жол кырсыгына себеп болгон айдоочу ыкчам түрдө аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.Маалым болгондой, окуя бүгүн, 20-майда саат 06:30 чамасында Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 188-чакырымында катталды. Анда Өзбекстандын 1979-жылы туулган Б.Г. аттуу жараны скутер менен келе жатканда аны ошол эле багытта келе жаткан 1990-жылы туулган А.А. аттуу жаран Мерседес-Бенц 312 Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен скутерчен жаран окуя болгон жерде каза болуп, айдоочу изин жашырып кетти.
Бул факт каттоого алынып, айдоочууну аныктоо иштери башталды. Натыйжада шектүү унаасы менен ээн талаада жашырынып отурган жеринен кармалды.
Тергөө уланууда.
Баткенде скутерчен жаранды өлтүрө сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















