Илбирс, сүлөөсүн, бугу-марал. Кеминдеги фотокапкандарга түшкөн жаныбарлар (видео)
NABU Кыргызстан уюму "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына 2025-жылдын ноябрь айында орнотулган фотокапкандарды алды. Бул тууралуу 20-майда уюмдун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, эчки-теке, бугу-марал, куран-элик, каман, улар жана башка ондон ашуун жаныбарлардын түрлөрү түшкөнү аныкталды.
Учурда алынган фотомаалыматтар талданып, аймактагы жапайы жаныбарлардын таралышы, жүрүү багыттары жана саны такталууда. Ал эми фотокапкандар кайрадан байкоо жүргүзүүнү андан ары улантуу үчүн парктын аймагына коюлду.
Илбирс, сүлөөсүн, бугу-марал. Кеминдеги фотокапкандарга түшкөн жаныбарлар
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















