super.kg logo

Караколдогу мектеп-интернат 477 миллион сомго жаңыланууда

 

Ысык-Көл облусундагы Т.Сатылганов атындагы облустук мектеп-интернат толук капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы баасы 477 миллион сомду түзөт.

Маалыматка ылайык, учурда объектте демонтаж иштери аяктап, чатыр жабуу жана ички шыбак иштерин жүргүзүү уланууда. Мектеп-интернаттын жалпы аянты 10 миң 650 чарчы метр болуп, үч корпустан турат. Имарат 1963-жылы 800 орунга ылайыкталып курулган жана ошондон бери биринчи жолу ири капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.

Оңдоо иштеринин алкагында:
- имараттын ички жана сырткы көрүнүшү толук жаңыланат;
- инженердик тармактар заманбап системаларга алмаштырылат;
- окуу класстары, компьютердик кабинет жана жыйындар залы жаңы талаптарга ылайык жабдылат.

Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: