Сауд Арабиясы Кыргызстанга 50 тоннага жакын гумжардам тапшырды
Сауд Арабиясы Кыргызстанга 48 тонна 720 килограмм курманы гуманитардык жардам катары тапшырды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги маалымдайт.Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле падыша Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Гуманитардык жардам карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















