Маркум Чубак ажы Жалиловго "Эл Баатыры” эң жогорку наамы берилди
Бүгүн, 21-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи, маркум Чубак ажы Жалиловго "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду.
"Диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн Чубак ажы Жалиловго "Ак Шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды",- деп белгиленди маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















