super.kg logo

Камчыбек Ташиевдин соту болбой калды

 

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши боюнча бүгүн, 21-майда өтө турган сот жыйыны кийинкиге жылдырылды.

Анын адвокаты Икрамидин Айткулов журналисттерге кээ бир айыпталуучулар материалдар менен толук таанышып бүтпөгөнүн жана айрым жактоочулар тарабынан болгон даттануулар себеп болгонун билдирди. Бүгүн айтылуу "75 адамдын каты" боюнча иш каралмак.

Эске салсак, 18-майда Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтарынын иши боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда соттук угуу болгон. Ага УКМКнын мурдагы төрагасы келген эмес. Бүгүнкү отурумга анын келери күтүлүп жаткан болчу.

Белгилей кетүүчү нерсе, ИИМ аталган ишке "жашыруун" деген гриф койгон.

Ташиев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда. Мындай беренелер менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен экс-депутат Курманкул Зулушевге да айып тагылган.

Ал эми "75чилер" иши менен кармалган Бекболот Талгарбеков, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыпталууда.

9-февралда мурдагы саясатчылар, мурдагы депутаттар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан. 11-февраль күнү кайрылууга кол койгон Курсан Асанов, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Эмил Узакбаев жана Бекболот Талгарбеков кармалышкан.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.05.2026. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурунку президенттер бир-бирин кармап каматып дүйнө жүзүнө уят болдук эле, эми мынтип баягыдай эле көрүнүштөр уланып жатканы өкүнүчтүү, өзгөчө коңшу өлкөлөргө аябай уят болуп жатабыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: