super.kg logo

Чет жерде кыргызстандыктарды кылмышка тартуу көбөйгөнү айтылды

 

Акыркы убактарда кыргызстандыктарды чет мамлекеттерде кылмыш иштерине тартуу учурлары көбөйүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу жогорку айлык акыны убадалаган иштерге алданып калып жатышат. Негизинен ар кандай жумуштар сунушталганы менен чынында баңгизат таратууга мажбурлашат. Мындай тузакка түшүп калган кыргызстандыктар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары тарабынан кармалууда.

Министрлик көп учурда алар кыргызстандыктарга паспорт даярдоого, жол киреге жана башка чыгымдарды жабууга алдын ала акча каражаттарын которуп беришерин белгиледи. Мекеме жарандарды чет өлкөдө тез жана жеңил киреше табуу боюнча сунуштарга алданбоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: