Жол кыймылын тескөөчүлөр бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылышты
Милициянын кайгуул кызматы Акыркы коңгуроо майрамына карата ата-энелерге кайрылып, мектеп окуучуларына унаанын ачкычын бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалык айдоочулук күбөлүгү жана тажрыйбасы жок транспорт башкаруу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертип, бүтүрүүчүлөрдү, ата-энелерди жана мугалимдерди жоопкерчиликтүү болууга үндөдү.
"Учурда республиканын бардык мектептеринде окуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ар бирибиздин этият мамилебиз менен Акыркы коңгуроо майрамы коопсуз жана жагымдуу өтсүн",- деп билдирди башкармалык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















