Көк бөрүдө реванш: "Намыс" менен "Ынтымак" кайрадан финалда кезигет
Бүгүн, 21-майда көк бөрү боюнча Жеңиш кубогунун Жогорку лигасынынын финалына Нарындын "Намыс" курамасы менен Таластын "Ынтымак" командасы жолдомо алышты.
"Ынтымак" Оштун "Достук" курамасын 5:4 эсебинде жеңсе, "Намыс" Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын 5:1 эсебинде утту. Эки команда быйыл экинчи жолу финалда оюн өткөрүшөт. Буга чейинки Нооруз турниринде "Намыс" клубу "Ынтымакты" 4:3 эсебинде жеңип, чемпион аталган.
Таласта өтүп жаткан оюндун финалдык беттеши 23-майда болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















