Бишкекте ири жол кырсыгы: жүк ташуучу унаа 7 автоунаа менен кагышты
Бүгүн, 21-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 1972-жылы туулган Б.Р.К. аттуу айдоочу Mercedes‑Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, Фрунзе көчөсү менен Абакан көчөсү көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жеңил унаа менен кагышкан.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча тиешелүү материалдарды тариздөө учурунда айдоочу өзүн туура эмес алып жүрүп, милиция кызматкерлерине жана башка жарандарга карата одоно сөздөрдү айткан.
Наркологиялык кызматтын дарыгер-эксперттери айдоочунун спирт ичимдиктерин ичкенин тастыкташкан.
Аталган жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча Бишкек шаарынын ИИББ тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда жол кырсыгы боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Бишкек шаарынын МККБ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мас абалында унаа башкарбоого чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















