super.kg logo

УКМК Манастагы спорт мектебинин курулушунан 7 миллион сом кымыргандарды аныктады

 

УКМК тарабынан Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодогу коррупция фактылары аныкталды.

Атайын кызмат билдиргендей, Олимпиадалык резервдин аймактык мектебинде оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү жана кошумча инфраструктураларды куруу учурунда мамлекетке 7 миллион 288 миң 597 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери подряддык уюмдар менен сүйлөшүп алышып, мектептин инфраструктурасын жакшыртуу үчүн президенттин фондунан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн өздөштүрүп алышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада техникалык көзөмөл боюнча адис К.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: