Конгодо эболаны дарылоо борбору өрттөлдү (видео)
Конгонун чыгышындагы Рвампаре шаарында жергиликтүү тургундар эбола вирусу менен ооругандар дарыланып жаткан борборду өрттөп жиберишти. Мобилдик оорукана вирустан каза болгон адамдын сөөгү берилбегендиктен туугандары тарабынан өрттөлгөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, окуя болгон Итури провинциясы эболанын жаңы штаммынын очогуна айланды.
"Каза болгондордун денелери оору жуктурушу мүмкүн. Сөөк коюу эрежелери жергиликтүү каада-салттарга каршы келип, бул аймакта нааразычылык акцияларынын башталышына себеп болду. Тургундар саламаттык сактоо системинин жетишсиз натыйжалуулугуна тынчсызданышууда",- деп белгиленген маалыматта.
Конго бийлигинин акыркы маалыматына ылайык, эпидемия башталгандан бери кеминде 160 адам каза болду. БУУ коңшу Угандада аталган вирустан бир адам каза болуп, дагы бир адамга илдет жукканын билдирди.
Конгодо эболаны дарылоо борбору өрттөлдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео















