Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн илим жана техника маселелери боюнча кеңешме өтүп жатат
Бүгүн, 22-майда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча тийиштүү мекемелеринин жетекчилеринин 10-жыйыны өтүп жатат.
Кеңешменин ишине ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде: Кыргызстан, Беларусь (онлайн) , Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары, ошондой эле ШКУнун катчылыгынын өкүлдөрү катышууда.
Илим министри Гүлзат Исаматова кеңешмеде өлкөдө илим тармагындагы реформалар, акыркы учурда жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
"Бүгүнкү күндө өлкөнүн 11 алдыңкы жогорку окуу жайына «өзгөчө макам» ыйгарылган. Алар учурда реалдуу бизнес менен түз иш алып барып, өзгөрүп жаткан рыноктун талаптарына жараша билим берүү программаларын ийкемдүү түрдө ылайыкташтырууда.
Экинчиден, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан максаттуу инвестициялар бөлүнүүдө. Тактап айтканда, 2026-жылдын май айында мамлекет өлкөнүн беш негизги жогорку окуу жайына илимди жана инновацияларды өнүктүрүүгө 19,5 миллион доллар бөлүп берди", - деди министр.
Ошондой эле ал бул каражат прикладдык изилдөөлөргө (жасалма интеллект, киберкоопсуздук, молекулярдык биология) жана жогорку технологиялуу инновациялык инфраструктураны түзүүгө гана багытталганын белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучу өлкөлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди иштеп чыгуу пландалууда.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















