Жаш баланын телефонун уурдоого шектүүлөр кармалышты (видео)
Бишкекте жаш баланын уюлдук телефонун уурдап алууга шектүүлөр кармалышты.
Шаардык милиция билдиргендей, баланын ата-энеси арыз менен кайрылды. Анда 19-майда Гагарин көчөсүндө жүргөн жашы жете элек уулунун 30 миң сомдук уюлдук телефонун белгисиз жарандар уурдап кетишкенин билдирди.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1990-жылы туулган Т.Т. жана 1992-жылы туулган Б.Б. кармалды. Алар ушундай эле кылмыштар үчүн мурда бир нече жолу соттолушканы аныкталды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Кичинекей баланын уюлдук телефонун уурдап кеткендер кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















