ШКУга мүчө өлкөлөрдүн илим боюнча кезектеги жыйыны Пакистанда өтөт
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселери боюнча министрликтеринин 11-жыйыны Пакистанда өтөт.
Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Бишкекте өткөн кеңешмеде маалым болду.
Бүгүнкү өтүп жаткан жыйында жасалма интеллект, санариптештирүү боюнча талкуу болду.
Жыйындын соңунда кыргыз тарап ШКУнун илимий-технологиялык парктарынын тармагын түзүү, жаш окумуштуулар үчүн гранттык программаларды ишке киргизүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана илимий маалымат алмашуунун бирдиктүү санарип платформасын түзүү боюнча демилгелерди көтөрдү.
Жыйын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар тармагында кызматташууну өнүктүрүү максатын көздөйт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















