super.kg logo

Ооганстанда никеге туруу үчүн минималдуу жаш курак жокко чыгарылды

 

Ооганстан бийлиги кыздардын никеге туруу үчүн минималдуу жаш курагын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, эми кыздар физикалык жактан жетилүү курагына жеткенден кийин турмушка чыга алышат. Айрым укуктук түшүндүрмөлөрдө бул курак 9 жаштан башталат. Ал эми эркектер үчүн никеге туруу курагы мурдагыдай эле 18 жаш бойдон калды.

Буга чейинки мыйзам боюнча, Ооганстанда кыздар үчүн никеге туруу курагы 16 жаш, балдар үчүн 18 жаш болгон. Бирок 16 жашка чейинки кыздар ата-энесинин же соттун уруксаты менен турмушка чыга алышкан.

Учурда мындай чечим эл аралык укук коргоо уюмдары жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан катуу сынга алынып, балдардын жана аялдардын укуктарын олуттуу бузуу катары бааланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: