super.kg logo

Трамп АКШ Польшaга кошумча 5 миң аскер жөнөтөрүн билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Польшага кошумча 5 миң америкалык аскер жөнөтүлөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришип, Польша Орусиянын Калининград облусу менен чектешерин кошумчалады.

"Польшанын азыркы президенти Кароль Навроцкий шайлоодо жеңишке жеткенине жана аны сыймыктануу менен колдогонума байланыштуу, ошондой эле аны менен болгон мамилебизди эске алуу менен АКШ Польшага кошумча 5 миң аскер жөнөтөрүн кубануу менен билдирем",- деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social тармагындагы баракчасына.

Буга чейин Defense News басылмасы америкалык аскерлер Польшага 4 миңден ашуун жоокер жөнөтүү планын жокко чыгарганын жазган. Анда АКШнын аскердик техникалары тууралуу гана сөз болгон.

Ошондой эле Трамп буга чейин Германиядан 5 миңге жакын америкалык аскерди чыгарып кетүү ниети бар экенин билдирген. Бул кадам Германиянын канцлери Фридрих Мерц менен пикир келишпестиктерден улам каралып жатканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: