Кызыл-Кыяда 4 адамды сызга отургузган жигит Оштон кармалды
Кызыл-Кыя шаарында бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран Оштон кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, 24 жаштагы жаран 4 адамды ар кандай шылтоолор менен сызга отургузган. Шектүү алардын унааларын, үй мүлктөрүн сатып алууда сумманын бир бөлүгүн гана төлөп, калганын бербестен из жашырып кеткен. Жалпы чыгым 1 миллион 920 миң сомду түзөт.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ош шаарынан колго түшкөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















