"Баатыр энелердин" балдарына ЖОЖдо жеңилдик берүү сунушталууда
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүү тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдары үчүн жыл сайын кошумча 500дөн кем эмес гранттык орун бөлүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун негизги максаты - жогорку билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды колдоо, социалдык адилеттүүлүктү жана мамлекеттик социалдык саясатты чыңдоо болуп саналат.
Учурда "Билим берүү жөнүндө" мыйзамда ЖОЖдорго кабыл алууда айрым жеңилдетилген категориялар үчүн атайын квоталар каралган. Алардын катарына жетим балдар, майыптыгы бар адамдар жана башка социалдык топтор кирет. Ошондой эле жыл сайын мамлекеттик билим берүү гранттарынын 5 пайызы өзүнчө категориядагы жарандар үчүн бөлүнөрү белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















