Түркияда дагы бир топ белгилүү жылдар баңгизатка байланыштуу айыпталууда
Түркиянын Стамбул прокуратурасы баңгизатка байланыштуу дагы он бештей белгилүүгө кармоо ордерин берди. Бул тууралуу түрк ЖМКлары Башкы прокуратурага таянуу менен жазышты.
Маалыматка ылайык, прокуратура жалпысынан 25 адамды кармоого ордер берген. Аларга "Баңгизат же психотроптук заттарды сатып алуу, сактоо жана жеке максатта колдонуу" беренеси боюнча айып тагылган.
Түрк басылмалары жазгандай, кармалгандардын арасында белгилүү актёрлор Фейза Чивелек, Серенай Сарикая, Онур Туна жана таанымал ырчылар да бар.
Белгилүү болгондой, акыркы айларда Түркияда баңгизатка байланыштуу текшерүүлөр күчөтүлгөн. Буга чейин да Стамбул прокуратурасы бир нече белгилүү жылдыздарга кармоо ордерин берген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:43
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















