ДСУ эбола илдети олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эбола вирусуна байланыштуу абал олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, уюмдун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус учурда Конго Демократиялык Республикасы менен Угандада эбола илдети жайылып жатканын белгилеген.
"Азырынча 82 учур жана жети өлүм расмий тастыкталды. Бирок Конгодогу эпидемиялык абал мындан алда канча чоң экенин билип турабыз. Учурда дээрлик 750 адам эболага шектелсе, андан 177 адам каза болгон болушу мүмкүн", - деген уюмдун башкы директору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:43
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















