ТИМ Москвада кыргызстандык каза тапканын тастыктады
Москвадага киши колдуу болгон 33 жаштагы кыргызстандыктын сөөгүн мекенге алып келүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта аталган факт боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 31 жаштагы кыргызстандык кармалганы айтылат.
Буга чейин министрлик Москвада кыргызстандыктын сөөгү табылганы тууралуу маалымат такталып жатканын билдирген. Орусиялык басылмалар маркумдун сөөгү батирдеги дивандын ичинен полиэтиленге оролгон абалда табылганын жазып чыгышкан. Ошондой эле бөлмөдөн канга боёлгон бычактар аныкталган. Маркум менен чогуу 2 кыргызстандык жашап келгени айтылып, алардын бири Орусиядан чыгып кеткени белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















