Рубио: “АКШ Украина боюнча жыйынтыксыз сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес”
АКШ Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жыйынтыксыз жана узакка созулган сүйлөшүүлөргө кызыкдар эмес. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Швециянын Хельсингборг шаарындагы жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, Вашингтон конструктивдүү жана натыйжалуу сүйлөшүүлөргө мүмкүнчүлүк жаралса, тынчтык жараянына катышууга даяр. Бирок АКШ «эч жыйынтык бербеген чексиз жолугушуулардын айлампасына» аралашууну каалабайт.
Жыл башынан бери Орусия менен Украинанын делегациялары АКШнын катышуусунда үч ирет сүйлөшүү өткөргөн. Акыркы жолугушуу 17–18-февралда Женева шаарында өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:43
2026-05-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















