Жалал-Абадда көпүрөнү сел алып, унааны агызды
Кечээ, 22-майда Таш-Көмүр–Кербен унаа жолундагы көпүрөнү сел алып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, көпүрө Спринтер үлгүсүндөгү унаа өтүп бара жатканда ураган. Унаа болжол менен 150 метр аралыкка чейин аккан. Унаадагы 2 жаран ооруканага жеткирилген.
Селдин жүрүшүнө Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагы тарабынан кокту-колоттордон жаандан улам топтолгон суулар себеп болгон. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абадда көпүрөнү сел алып, унааны агызды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















