Кыргызстан Венгрияга эт экспорттоого кызыкдар
Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Венгриянын Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк чынжырын көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Саболч Пастор менен жолугушуу өткөрдү.
Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, алар Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун (WOAH) делегаттарынын ассамблеясынын 93-башкы сессиясынын алкагында сүйлөшүү жүргүзүштү.
Талкууда Адилет Сотовалдиев Кыргызстан Венгрияга эт продукциясын экспорттоого, ошондой эле Венгриядан Кыргызстанга асыл тукум мал импорттоого кызыкдар экенин белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын бизнес коомчулугу жогоруда аталган продукцияларды жана тирүү асыл тукум малдарды жеткирүүгө чоң кызыгуу көрсөтүп жатканы айтылган.
Өз кезегинде Саболч Пастор Европа Биримдигине эт продукциясын экспорттоо үчүн алгач Европа Биримдигинин тиешелүү реестрине катталуу зарыл экенин айткан. Мындан тышкары, венгр тарап кыргыз продукциясын Европа Биримдигинин рыногуна чыгаруу маселелеринде ар тараптуу консультациялык жана практикалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















