Кыздардын өлүмүнө шектүү Кумарбектин иши боюнча кармалгандарга сот өкүмү чыкты
Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалып, кийин дагы оор кылмыштарга айыпталган Кумарбек Абдыровдун мурдагы ишин караган үч экс-судья Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы, Сания Бранчаева жана прокурор, адвокатка сот өкүмү чыкты.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту маалымдагандай, кечээ, 22-майда экс-судьялар Кылмыш-жаза кодексинин "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү, чечимди же башка соттук актыны чыгарышы" беренеси менен күнөөлүү деп табылышса, прокурор Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат адамынын өз ыйгарым укуктарынан аша чабышы" беренеси боюнча, ал эми жактоочу "Алдамчылык" беренси менен күнөөлүү деп табылышты.
Бирок аларга жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза чегерилген эмес.
Эске салсак, былтыр ноябрда мурдагы соттор жана прокурор, жактоочу кармалышкан. Алар Кумарбек Абдыровдун 2015-жылы жасаган кылмыш иши боюнча жазасын жеңилдетип жиберген деген негизде кармалышты. Тагыраагы, шектүү 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунда анын жаза мөөнөтү жеңилдетилген.
Абдыров тууралуу эмнелер белгилүү?
Былтыр сентябрь айында Кеминде киши колдуу каза болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын сөөгү табылган. Бул ишке шектелип 41 жаштагы Кумарбек Абдыров кармалган. Ал тергөөдө маркумду Ысык-Көлдөн зордуктоого алып өлтүргөнүн, сөөгүн Кеминге жашырганын айтып берген. ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда шектүү дагы бир нече кылмышка күнөөлүү экени айтылып, коомчулукта резонанс жараткан. Ал жалпысынан 7 кызга (анын ичинде белгилүү болгону 6 кыз, 4 кыз өлтүрүлгөн, 2 кыз аман калган) кол салганы маалымдалган.
Анын кол салуусунан аман калган кыздардын бири жогоруда айтылган 2015-жылдагы окуянын жабырлануучусу болгон. Ал кыздын арызы менен ошол убакта Кумарбек Абдыров кармалган. ИИМ 3 судья ошол кезде анын жазасын жеңилдетпегенде шектүү абакта болмоктугун жана Айсулуу анын курмандыгы болмок эмес деген маалымат берет.
Абдыров февраль айында абакта асынып алган. Анын сөөгү 7-февралда болжол менен саат 12:30 чамасында №21 мекемесинен табылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















