ЖКнын тийиштүү комитети бүгүн, 28-январда “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун карайт
Жогорку Кеңештин Адам укуктары,
конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитети бүгүн, 28-январда “Кумтөр”
боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун карайт. Жаңы макулдашуулар боюнча өкмөттүн
тийиштүү өкүлдөрү депутаттардын суроолоруна жооп беришмекчи.
Эскерте кетсек, 24-январда жаңы меморандумду “Ата
Журт” фракциясы карап, сунуштарды эске алуу менен палатага чыгаруу чечимин
кабыл алышкан. “Кумтөр” маселеси парламент жыйынында 6-февралда каралышы
күтүлүүдө.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

