Оштогу парктын бетон тосмосунун урашына түшүндүрмө берилди
Курулуш министрлиги Ош шаарындагы Увам каналынын жээгинде жайгашкан сейил бактын бетон тосмосу урап калганы боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматта айтылгандай, эс алуу жайы былтыр октябрь айларында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, пайдаланууга берилген. Долбоор ошол учурдагы мэр Женишбек Токторбаев жетекчилик кылган мезгилде ишке ашырылган. Курулуш иштери демөөрчү катары "Сапат Курулуш" компаниясы тарабынан жүргүзүлүп, объект толугу менен алардын каражатына салынган. Бул долбоорго жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес.
Ошондой эле курулуш иштеринин техникалык көзөмөлү жана аткарылган жумуштардын сапатына байланыштуу маселелер тиешелүү тартипте Ош мэриясы жана курулушту жүргүзгөн тарап тарабынан көзөмөлдөнүп келген. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан жеринде тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Оштогу парктын бетон тосмосунун урашына түшүндүрмө берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2026-05-30
9:42
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















