Көтөрүлөт же түшөт... Эми мамлекеттик кызматкерлерге окуучулардай эле баа коюлат
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилди. Бул тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кызмат адамдары жылына 2 жолу баалоодон өткөрүлүп, аларган "мыкты", "жакшы", "канааттандырарлык" жана "канааттандырарлык эмес" деген баа берилет. Тиешелүү жалыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Натыйжада кызматкер "мыкты" деген баага татыса, аны жогору кызматка көтөрүүгө сунуш берилет. Ошондой эле ага сыйлык, квалификациясын чет өлкөдө жогорулатууга мүмкүнчүлүк берилип, мурда берилген тартиптик жазалары жоюлат. "Жакшы" баа алгандарга сыйлоо чараларын колдонуу сунушталып, мурда берилген тартиптик жазалары алынышы мүмкүн.
"Канааттандырарлык" баа алган кызматкер квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлүп, ал айрым учурда кызмат ордунан төмөндөшү мүмүн. Эң төмөнкү баага татыган кызматкерди класстык чининен төмөндөтүү маселеси каралат. Мындан тышкары аны кызмат ордунан бошотуу жана ага тартиптик жаза колдонуу сунушталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















