Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу 6 ай ачык болот (видео)
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу жол июнь айынан ноябрь айына чейин ачык болот. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.Мекеменин маалыматы боюнча, министр Талантбек Солтобаев жерине барып, жолду сезондук пайдаланууга даярдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Анын алкагында министр жол оңдоо ишканалары жайгаша турган жерлерди аныктап, үч аймакта тиешелүү объекттерди тез арада куруу тапшырмасын койду. Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздоо максатында таяныч дубалдарын куруу, эстакадалык көпүрөлөрдү жарыктандыруу маселелерин чечүү, жолго түшкөн таштарды тазалоо жана жолду 1-июнга карата ачылышка толук даярдоо боюнча милдеттер жүктөлдү.
Министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, ылдамдыкты ашырбоого жана коопсуздук талаптарына жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.
Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолу 6 ай ачык болот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















