super.kg logo

Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

 

Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 25-январь күнү саат 08:30дар чамасында Военно-Антоновка айылындагы турак үйлөрдүн биринен жашы 30-35тер чамасындагы киши колдуу болуп өлгөн адамдын жансыз денеси табылган. Бул факты боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн оперативдүү иштердин негизинде Л.Е. аттуу аял кылмышка шектелип кармалды. Ал маркум менен бирге жашап турган жана экөө арак ичип, анан уруша кетишкен. Ошол учурда кылмышка шектүү маркумду жон тарапка бычак менен сайып салган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: