super.kg logo

Кыялдагы дарыгерликтен мугалимдикке чейин. Америкадагы кыргыз кызы Гүлзат менен маек (видео)

 

Дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун өз эмгеги, билими жана тырышчаактыгы менен ийгилик жаратып, Кыргызстандын атын таанытып жүргөн мекендештерибиздин саны арбын. Алардын ар бири өзүнүн жолун, кыйынчылыгын жана жетишкендигин басып өтүп, бүгүнкү күндө башкаларга дем берүүчү үлгү болуп келет. Мындай мекендештердин ийгилиги бир гана жеке жетишкендик эмес, бүтүндөй элдин сыймыгы экенин жакшы билебиз.

Алыскы Америка Кошмо Штаттарында жашап, мектепте мугалим болуп эмгектенип жаткан мекендешибиз Гүлзат Кайыпова да дал ушундай ийгиликтүү инсандардын катарында. Чикаго шаарында жашаган Гүлзат айым SUPER.KG порталынын “Мекендештер” рубрикасынын кезектеги коногу болуп, өзүнүн турмуш жолу, кесип тандоосу жана чет өлкөдөгү жашоо тажрыйбасын кенен бөлүштү.

Ал Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрөлүп-өсүп, Бишкекте билим алып, кийин тагдырдын жолу менен чет өлкөгө чыгып, бүгүнкү күндө Американын мектептеринин биринде мугалим катары эмгектенип келет. Анын жашоо жолу өзгөрүүлөргө, чечимдерге жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө бай болгон кызыктуу тарых экенин маек ырастайт.

- Саламатсызбы! Америкага барып калууңузга эмне себеп болду? Азыр АКШнын кайсы штатында же шаарында жашап жатасыз?

- Саламатчылык. Мен Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндөн кийин алдыга чоң максаттарды коюп, Америкага магистратурага тапшыргам. Тилекке каршы, белгилүү себептерден улам медицина тармагын уланта албай калдым. Бирок "Сomputer science" факультетин тандап, окуумду бүтүргөндөн кийин мектепте балдардын билим деңгээлин көтөрүү ниетин демилгелеп, мугалим болуп калдым. Азыркы учурда үй-бүлөм менен Чикаго шаарында жашайм.

- Учурда агартуучу болуп эмгектенип жатыптырсыз. Мугалимдик жолго кантип келип калдыңыз?

- Планымда дарыгер болом, же болбосо ооруканага тиешелүү кесиптердин бирин тандап иштейм деген изги тилектерим бар болчу. Бирок "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей Америкада өзүмдүн өмүрлүк жан шеригими таап, турмушка чыктым. Андан кийин Медициналык академиядагы 5 жылдык окуудан соң дагы көп жыл окуп, кезектеги катар-катар экзамендерди тапшырууну каалабадым. Ойлонуп отуруп, мугалимдик кесипти бүтүрүп иштөө бир аз жеңилирээк болду, анан ушул тармакты тандадым. Азыр өзүмө ыраазычылык билдирем. Анткени мен келечек муундун билим алышына, алардын инсан катары калыптанышына чоң жардам берип жатам. Демек, дарыгер болбосом да адамдарга пайдам тийип жатат деп билем.

- АКШдагы билим берүү системинин өзгөчөлүктөрү кандай экен? Кыргызстандагы систем менен салыштырганда айырмачылыктарды эмнеден көрдүңүз?

- Америкадагы билим берүү системи таптакыр башкача. Биринчи жолу жумушка киргенде аябай таң калганым - класска кирип келегенде “Саламатсызбы!” деп турган эч ким жок. Башында “Бул балдарды кантип окутам? Баары эле баш аламан го” деп ойлочумун. Окута албайм го деп кыйналып жүргөнүмдө, көп жылдан бери иштеген литвалык мугалим мага бул окуучулар менен башкача иштөө керектигин түшүндүрүп, күн сайын сабактан кийин калып, өзүнүн ыкмаларын үйрөткөн.

Эң башкы өзгөчөлүк - ар бир окуучуга жеке мамиле жасалат экен. Америкада окуучулар 12 жыл мектепте окушат. Алар өз каалоолоруна жараша тандалма (elective) сабактарды тандай алышат: сүрөт, информатика, дене тарбия жана башкалар. Кээде бир сабакта ар кандай класстын окуучулары аралашып окушат. Мисалы, 10-класс менен 11-класс же 12-класс менен 10-класс чогуу болушу мүмкүн.

- Окуучулар менен иштөөдө жана мамиле курууда кандай ыкмалар колдонулат? Сизди таң калтырган өзгөчөлүктөр болдубу?

- Бир класста 20-25 бала билим алат. Ар биринин мүнөзү ар кандай. Жылуу мамиле гана ортобуздагы сыйды жоготпойт. Аларга өзгөчө маани берүү керек экен. Эртең менен мугалимдер эшиктин алдында ар бир окуучунун атын атап учурашып, ден соолугун, ал-жайын сурап туруп класска киргизишет. Мугалимдер окуучулардын хоббилерине кызыгып, каникулда эмне кылгандарын сурап, сүйлөшүп турушат. Кээде сабактарды окуучулардын кызыгууларына жараша ылайыкташтырышат.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде бир класста 40дан ашуун окуучу болуп кетет, ошондуктан мугалимдер физикалык жактан жетишпей калышы мүмкүн. Жеке мектептерде балдардын саны аз. Ал эми Америкада андай эмес. Мамлекеттик мектептерде деле балдардын саны 20-25 эле болот.

- Америкадагы билим берүү тажрыйбасынан Кыргызстанга алып келүүгө боло турган кандай ыкмалар же багыттар бар деп ойлойсуз?

- Ар бир жердин өзүнүн менталитетине, экономикалык абалына жараша билим берүүсү, жашоо турмушу болот эмеспи. Мага Америкадагы системдин эң жаккан жери - технологиянын күчтүү өнүккөнү. Ар бир окуучуга ноутбук берилет. Мектептерде 3D-принтерлер бар. Кээ бир мектептерде унаа оңдоо боюнча ийримдер үчүн өзүнчө чоң гараждар бар. Робототехника боюнча мелдештерге барсаң, класстардын ичинде темир кесүүчү станоктор, робот жасоого арналган түрдүү материалдар болот. Айрым мектептерде йога сабактары дагы бар. Тандоо мүмкүнчүлүгү абдан кеңири.

Анан да класска киргенде уюлдук телефондорду өзүнчө бурчтар, салгычтар болот, ошол жерге таштап анан киришет. Бул ыкма менен баланы окуудан башка эч нерсе алаксытпайт десек болот. Сабак берүүдө теманы түшүндүргөнчө түрдүү оюндарды ойнотобуз. Эң негизгиси бири-бирибизди сыйлап, сылык мамиледе болуп, анан да жаман маанайды башка жакта калтырып, жылмайып жүрөбүз.

-⁠ Келечек пландарыңыз кандай?

- Келечектеги пландарымдын бири Кыргызстанга кайтып баруу. Америкада азыр жашоом жумуш менен үйдүн ортосунда өтүп жатат. Жолдошум дагы “карыган учурда Америкада болгум келбейт” деп айтып калат. Өз өлкөбүзгө кайтып барып, жай турмушту уланта, бактылуу өмүр сүрсөк дейбиз.

- Чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанды сагынган учурлар болсо керек. Андайда өзүңүздү кантип жубатасыз?

- Чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанды сагынган учурлар миграцияга чыккан ар бир жаранда сөзсүз болот. Айрыкча үй-бүлөңдөн, жакын адамдардан, бала кезден көнгөн чөйрөдөн алыс жүргөндө сагыныч күчөйт. Чикаго шаарында жашап жатканым үчүн мындай сезимдерди басуу жолун убакыттын өтүшү менен үйрөндүм. Бул жакта кыргыздар көп болгондуктан, жердештер менен тез-тез жолугуп турабыз. Ошондой эле кыргыз кафелери, кичи ресторандар, кофейнялар бар болгондуктан, ошол жактарга барып калсак өзүбүздү бир аз болсо да Кыргызстанда жүргөндөй сезип калабыз. Улуттук тамактарды жеп, кыргызча сүйлөшүп, мекендештер менен бир дасторкон тегерегинде отуруу сагынычты бир топ жеңилдетет.

Мындан тышкары, эң чоң жубатуу - үй-бүлө менен тыгыз байланышта болуу. Телефон аркылуу сүйлөшүп, видео аркылуу көрүшүп турганда алыстык анчалык билинбей калат. Ошентип, Кыргызстан ар дайым жүрөктө жашап, сагыныч акырындык менен жеңилдеп калат.

- Көптөр кыялданган Америка сизге кандай мүмкүнчүлүктөрдү жана кандай күндөрдү тартуулап жатат?

- Кыялымдагы Америка мага чындыгында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Азыркы учурда жашоом жумуш менен үйдүн айланасында өтүп жатса дагы, карьерам жакшы өнүгүп жатат. Келгениме өкүнбөйм. Бул жактан турмуш жолумдагы бактымды таптым, таттуу жыты менен бөлөгөн чүрпөм бар, сүйүктүү кесибимди аркалап жатам. Демек, ар бир мүнөттү кубаныч менен өткөрүүгө эмне жетсин. Адам аракет кылганда жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылат.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ой-максаттарыңыз ишке ашып, ишиңизди ийгиликтер коштосун!


кошулду





Америкада агартуучу болуп иштеген Гүлзат айым менен маек

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: