super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-майдан 31-майга чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Эмоция азыраак, тартип, жоопкерчилик көбүрөөк – бул аптанын девизи кой жылдызындагылар үчүн ушундай болушу шарт. Сапарга чогуу чыгуу сунушу түшсө, баш тартканыңыз оң. Анан да аптанын биринчи жарымында күтүүсүз акча коротушуңуз мүмкүн, бул чыгашаны токтото албайсыз. Жашооңузда негативдүү окуялар катталбайт. Апта соңу телефонду жаздыктын алдына катып коюп, эч нерсеге алаксыбай эс алуу сунушталат, табият коюнуна, тоого, суу жээкке чыксаңыз андан сонун.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Венера жана Юпитер планеталары бул апта сиздин колдоочуларга айланат, бул мезгилде каржылык жактан жакшы пайда табууга мүмкүн дешет жылдыздар. Күтүүсүз мураска ээ болуу, аласаны алуу же жумушта ийгиликке жетүү сыяктуу каржы булактары болушу мүмкүн. Онлайн иш-чараларга, окуу курстарына катышууңуз ыктымал. Бир нерсе жасоо каалооңуз күч болот, эргүү менен чогулуп турган көп ишти бүтүрүп саласыз. Дем алыш күндөрү туугандар менен кезигүүңүз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Сүйүктүү адамыңыз адаттагыдан башкача жүрүм-туруму менен таң калтырат. Жумушта өзүңүздүн идеяны ишке ашырганга аракет кылыңыз, жетекчиликтин көзүнө көрүнүп, карьералык тепкичтен көтөрүлүүңүз мүмкүн. Дүйшөмбү, шейшемби акча коротуучу күндөр, бул күндөрү капчыкты чөнтөктөн көп алып чыкпаганга аракет кылыңыз. Чектен ашып бирөөнү тамашалагандан алыс болуңуз, кесепети жагымсыз болмокчу. Кандай учур болбосун жакындардын кеңешине таянсаңыз жаңылбайсыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жумушта кесиптештердин колдоосу менен келип чыккан көйгөйлөрдү жеңе аласыздар. Балдары барлар алардан материалдык “сюрприз” күтө беришсе болот. Турмуш тиричиликтен кол бошобойт деп жүрө бербей, ден соолугуңузга көңүл бөлгөндү унутпаңыз, айрыкча жогорку кан басым менен жүргөндөр. Бойдоктордо түшүнүксүз учурлар чечилип, ал адамга романтикалык сезимдер барбы-жокпу түшүнөсүз. Салмак таштайм дегендер, ушул аптадан өзүңүздү колго алсаңыз болот.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Финансылык жагдай олку-солку абалда, анткени тапкан пайдадан короткон чыгашанын көлөмү көбүрөөк болууда. Абалды оңдоо үчүн каржылык сабаттуулук боюнча кеңеш алганыңыз туура. Тааныштар бир иш-чарага сизди катышууга көндүрүүгө аракет кылышат. Күнүмдүк турмушка жаңычылдык киргизүү үчүн алардын сунушуна макул болсоңуз жарашат. Эксперимент жасоого, тобокелдикке барууга ылайыктуу мезгил. Дем алышта жакындарыңызга өзгөчө тамак жасап берип кубантасыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бойдоктор өзүн жандап жүргөн адамдын сезимдери канчалык олуттуу экенин билишет. Айрымдар баш кошуу сунушун алышы ыктымал. Өзүмдүн маселемди өзүм гана чечем деп кежирлене бербей, айланаңыздагы адамдар менен бөлүшкөндү, алардын колдоосун кабыл алганды билиңиз. Аптанын ортосунда жагымдуу окуя орун алат жашооңузда. Сапарга чыгуу планыңыз болсо, коркпой жолго чыга бериңиз, ийгилик коштойт. Апта жалпысынан позитивдүү маанайда өтөт.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Алдыда жакыныңыздын ден соолугун оңдоого байланыштуу иш-чаралар оң жагына чечилет, көп кайгыра бербеңиз. Жумушуңузда кооптуу учурлар байкалбайт, туруктуулук сакталат. Ичтеги кыжалат кылган ойлорду достор менен бөлүшүңүз, жеңилдеп каласыз. Түгөйүңүз сиздин тапшырманы аткара албай калышы мүмкүн, түшүнүү менен мамиле жасаңыз. Өзүңүзгө жаккан буюм же кийим сатып аласыз. Энергияны калыпка келтирүү, толтуруу үчүн сизге тынч жана толук кандуу уйку керек.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Каржылык ийгиликке жетүү үчүн алган сапарыңыз туура багытта, талыкпай эмгектене бериңиз. Бирок текебердик, өзүнө ашыкча ишенүү сапаттары ийгилигиңизге бут тосушу мүмкүн. Жүрөгү боштор бул аптада жолуккан адам менен мамиле курууда абайлаңыз, сиз ойлогондой адам болбой калышы мүмкүн. Достор менен кездешүү сизге позитивдүү маанай тартуулайт. Жеке жашоодо баары жайында, жакындарыңызда да, сизде да чечилбей турган маселе жаралбайт.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Түгөйүңүз ортоңуздагы мамилеге жаңычылдык, жаңы дем, жаңы өзгөрүүлөрдү кошкусу келет, анын демилгесин кубануу менен колдоп бериңиз. Жумушта майда-чүйдө көйгөйлөргө, конфликттерге маани бербеңиз, жүрөккө жакын кабыл албаңыз, баары оң жагына чечилет. Өзүңүздү өнүктүрүү максатында билимиңизди тереңдетишиңиз мүмкүн. Жакын адамыңыздан белек алышыңыз мүмкүн. Апта соңу үйүңүзгө конок келип, алардын убарасы менен алышууңуз күтүлөт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Бул аптада текечерлер өзүн абдан энергиялуу сезишет. Бул энергия өзүңүздүн эле жумушту аткарууга жетпестен, кесиптештерге жардамдашууга да мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Барчу жерлер көбөйүп, каржы тармагы ошого жараша азаят. Ден соолукта маселе жаралбасын десеңиз, уйку графигин оңдоңуз, эрте жатып, эрте турганга аракет кылыңыз. Алыстан тааныш адамыңыз келиши мүмкүн. Апта аягы үй тиричилигин колго алып, жууп-тазалоого убакыт коротконуңуз пайдалуу болот.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Финансы тармагы өзүңүздөн гана көз каранды дешет жылдыздар, максатсыз акча коротконду токтотсоңуз, кирешенин көлөмү көбөйөт. Мурда сөз берип, аны аткарбай койгондон улам үйдөгүлөр менен түшүнбөстүк жаралуусу мүмкүн. Өнөкөт чарчоодон улам өзүңүздү жаман сезишиңиз мүмкүн, бул абалдын шыпаасы – тынч жайда же табият коюнунда эс алуу. Бойдоктор романтикалык мамиледе “муздак” болбосоңуз, түгөй табасыз дешет жылдыздар.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Жумушта пайдалуу жана абройлуу тааныш күтөсүз. Убакытты текке кетирбей анын жардамын пайдаланып жумуш ордуңуздан көтөрүлүүгө аракет кылыңыз. Документ иштерин бүтүрөм деп көп убакыт корогон “кезек күтүү” жагдайына туш болууңуз ыктымал. Мурда жаман адам деп санаган адам менен мамилеңиз өзгөрүп, достукка айлануусу мүмкүн. Каржы тармагы сизди үнөмдүү болууга чакырат. Апта соңу бардык ишти жыйыштырып, жакындар менен эс алууга аракет кылыңыз.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: